23:47, 3-апрель, 2026

Бишкекте 400 млн сомго жакын акчага тосмо орнотулат

На русском
13:19, 3-апрель, 2026 348

АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алкагында Фучик көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Достук айылына чейин тосмо орнотууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, болжолдуу сумма 391 миллион 620 миң сомду түзөт.

Жумуштарды 30-августка чейин бүтүрүш керек.

  • Шанхай кызматташтык уюмунун саммити августта Бишкекте өтөт.
  • Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрына чейин өтөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»