АКИpress - Кыргызстандык боксчу Элдар Турдубаев Моңголияда өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыгуу үчүн беттешет.
«World Boxing» боюнча мелдеш Улан-Батор шаарында өтүүдө. Турдубаев 70 кг чейинки салмак категориясында катышып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган.
Ал биринчи беттешинде Түркмөнстандын өкүлүн жеңген, ал эми 1/2 финалга өтүү үчүн япониялык спортчу менен күч сынашат.