21:58, 3-апрель, 2026

Акыйкатчы Минсктеги тергөө абагында кармалган мекендештер менен жолукту

На русском
12:56, 3-апрель, 2026 343

АКИpress - Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында тергөө абагында кармалып турган мекендештер жана Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолугушуу өткөрдү.

2-апрелде КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынын алкагында өткөн жолугушууда акыйкатчы Москальковадан Сахалинде камакка алынган 33 жаштагы З.у.К. аттуу кыргызстандыктын укугун коргоого жана кармоо шарттарын текшерүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүүнү суранды. Аталган жарандын апасы акыйкатчыга 25-мартта уулунан кабар ала албай жатканын айтып, кайрылган.

Анын айтымында уулу 2025-жылдын сентябрь айында кармалган. Кыргызстанда ага карата 278-берене (массалык баш аламандыктар) боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Ошондой эле энесинен ажырап, учурда өгөй атасы менен Челябинскте жашап жаткан 10 жашар баланы Бишкекте жашаган таенесине өткөрүп берүүгө жардамдашуу өтүнүчү айтылды.

Татьяна Москалькова өз ыйгарым укуктарынын алкагында кыргыз жарандарына укуктук жардам көрсөтөрүн убадалады.

Ошол эле күнү акыйкатчы Беларустагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Минсктеги тергөө абагына барды. Анда 3 кыргыз жараны кармалып турат: алардын бири киши өлтүрүүгө, экөө баңгизатты таратууга шектелүүдө.

Жамиля Жаманбаева аларга өз укуктарын, анын ичинде экстрадицияга болгон укугун түшүндүрүп берди. 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»