00:48, 4-апрель, 2026

«Жасмин», «Веранда», «Малик» кафелери бузулуп, ордуна сейилдөөчү жай уюшулат

На русском
12:36, 3-апрель, 2026 333

АКИpress - Сагымбай манасчы көчөсүндө көрктөндүрүү иштери улантылууда, деп маалымдады Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, аталган көчөдөгү муниципалдык аймакты жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бошотту.

Иштин жүрүшүн мэр Айбек Жунушалиев текшерип, Бишкек жылуулук электр борборунун техникалык каналынын үстүнөн көпүрө куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Каналдын боюнан алынган объекттердин ордуна сейилдөөчү жай уюштурулат. Коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу да тапшырылды.

Мындан тышкары, кыдыруунун алкагында мэр объектти мамлекетке өткөрүп берүү сунушун билдирген «Жасмин» кафесинин ээси менен жолугушту.

«Сунушуңузга рахмат, бирок бул объекттер демонтаждалышы керек. Ишкерлерге мындай объектти иштетүүгө болбосо, муниципалитет да аны колдоно албайт. Объект суу коргоо зонасында жайгашкан, учурдагы мыйзамдар буга жол бербейт», - деди мэр.

Бүгүнкү күнгө чейин 11 объект, анын ичинде 4 капиталдык курулуш, 6 жеңил типтеги объект, ошондой эле гараж демонтаждалды. Бул объекттер боюнча иштер толугу менен аяктады.

Ошондой эле мэриядан учурда калган 4 объект боюнча иштер уланып жатканын, алардын катарында «Жасмин», «Веранда», «Малик» тез татым жайы жана кафе бар экенин билдиришти. Алар көрктөндүрүү иштеринин алкагында алынат.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы 1744 объектт демонтаждап, жалпы аянты 61 миң 901 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»