АКИpress - Уурдоого шектелген адам кармалды, деп билдирди 3-апрелде Ленин районунун милициясы.
27-январда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 26-январда мечиттен телефону уурдалган. Видеодо намаз учурунда мечитке жаш жигит кирип, текчеден телефонду алып кеткени көрүнөт.
Милиция 2008-жылы туулган С.А. аттуу шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адамдын дагы эки ушундай окуяга тиешеси бар экени аныкталган.
Тергөө уланууда.