01:14, 4-апрель, 2026

Бишкекте айдоочулук күбөлүк үчүн теориялык сынак башка жерде алынмай болду

На русском
12:29, 3-апрель, 2026 296

АКИpress - 6-апрелден тарта Бишкекте айдоочулук күбөлүк берүү боюнча теориялык сынак жаңы даректе өткөрүлөт.

Буга чейин сынак Ч.Валиханов көчөсү 2, 3-имарат дарегинде өткөрүлчү. Эми сынак Фатянов көчөсү 170а дарегинде (Горький көчөсү 142) уюштурулат.

Мурунку дарек боюнча сынакка жазылгандар жаңы дарекке келиши керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»