АКИpress - Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү учуру аныкталды, деп билдирди 3-апрелде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы.
1-апрелде Нарын облусунда 1987-жылы туулган М.А.М., 1974-жылы туулган У.Э.А., жана 1973-жылы туулган Р.у.К. аттуу жарандардын унаасынан баңгизат табылган.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталды.
Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.