15:32, 3-апрель, 2026

Бишкекте Улуттук вакцина кампасы курулат

На русском
12:02, 3-апрель, 2026 229

АКИpress - Кыргыз Республикасында стратегиялык Улуттук вакцина кампасын курууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Кампа курула турган жерде жумушчу жыйын өттү.

«Бул чечим саламаттыкты сактоо системасынын өсүп жаткан муктаждыктарын жана эл аралык талаптарды эске алуу менен, вакциналарды коопсуз сактоону камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Курулуш иштери Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсү №186 дарегинде жайгашкан 13 сотых мамлекеттик жер тилкесинде жүргүзүлөт.

Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен каржыланууда. Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс курулушка 1 млн 267 миң доллар бөлдү.

Жаңы кампа температураны көзөмөлдөөчү заманбап технологиялар, резервдик электр энергия менен камсыздоо булактары менен жабдылат. Бул мекемеде өзгөчө кырдаалдарга жана жугуштуу оорулардын чыгышына камдалган стратегиялык вакциналар сакталат», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»