АКИpress - Кыргызстандык мушкер Омар Ливаза Түркияда өткөн эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду.
34-ирет өтүп жаткан Ахмет Жөмерт мелдеши бул күндөрү Стамбулда уланууда, 2-апрелде мелдештин жарым финалындагы беттештер өттү.
Ливаза 65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/8 финалдык баскычтан баштаган.
Кыргызстандык спортчу грузиялык жана түркиялык спортчуларды эки ирет катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Ливаза казакстандык спортчуга утулуп, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
65 кг чейин
1/8 финал
Омар Ливаза - Мамука Жибути (Грузия) — Ливазанын жеңиши
1/4 финал
Мустафа Чолак (Түркия) - Омар Ливаза — 0:5 (27-30, 27-30, 27-30, 27-30, 27-30)
1/2 финал
Саят Ильясов (Казакстан) - Омар Ливаза — 4:1 (29-28, 30-27, 28-29, 30-27, 30-27)