23:50, 3-апрель, 2026

«Bvlgari» кыргызстандык зергерлерди окутат, - Шыкмаматов

На русском
11:31, 3-апрель, 2026 302

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 3-апрелде радионун эфиринде зер буюм өндүргөн италиялык «Bulgari» бренди Кыргызстандын рыногуна кирүүнү ниеттенип жатканын билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.

Шыкмаматов коноктордун суроолору аны таң калтырганын айтты. Алар долбоордун каржылык тарабына кызыкпастан, өлкөдөгү абал тууралуу сурашкан.

«Силердин өлкөдө жаш балдардын эмгеги пайдаланылабы? Коррупциялык рейтинг кандай? Экологияга мамиле кандай? Сот адилеттүүлүгү кандай? Алар моралдык принциптерди алдыга коюп жатат», - деди ал.

Шыкмаматов кошумчалагандай, 2026-жылдын май айында «Bulgari» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, жергиликтүү зер компаниялардын дизайнерлерин заманбап дизайн боюнча окутушат.

Мындан тышкары, компания кыргызстандык алтынды куйма түрүндө гана эмес, даяр зер буюмдар түрүндө да сатууну сунуштаган.

Маалымат үчүн:

«Bvlgari» — 1884-жылы негизделген атактуу италиялык мода үйү. Ал зер буюмдар, сааттар, атырлар жана булгаары аксессуарлар сыяктуу элиталык буюмдарды чыгарат. Баалуу таштарды, алтынды колдонуусу жана дизайндагы рим стили менен айырмаланат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»