04:38, 4-апрель, 2026

Болотбек Ашыралиев спорт агенттигинин директорунун орун басары болду

На русском
11:19, 3-апрель, 2026 445

АКИpress - Болотбек Ашыралиев Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Аны эмгек жамаатка президенттин админстрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.

Болотбек Ашыралиев 2018-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. 2025-жылы Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын магистратурасын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

12.03.2021–31.01.2022 - Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын усулчусу;

01.04.2022–11.10.2022 - “Ынтымак” адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резервдеги мектебинин директорунун орун басары;

11.10.2022-30.08.2024 - Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясында директордун орун басары;

30.08.2024–02.07.2025 - Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Спорттун улуттук түрлөрү боюнча” дирекциясынын директору;

02.07.2025 - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин директору;

28.04.2025 - Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»