00:04, 4-апрель, 2026

Адылбек Касымалиев Түркиянын вице-президенти менен жолукту

На русском
10:57, 3-апрель, 2026 202

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту.

Жолугушуу Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында болду.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достук, өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушууда экономика, инвестиция, билим берүү, саламаттык сактоо жана соода сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Адылбек Касымалиев быйылкы жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү этап болуп каларын белгилеп, өкмөттөр аралык иш-аракеттер планын практикалык багытта ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.

“Белгилүү болгондой, өлкөлөрүбүздүн лидерлери эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышкан. Бул багытта биз түрк инвестицияларын колдоого жана кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даярбыз”, - деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Жевдет Йылмаз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана бардык багыттар боюнча кызматташуунун динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана боордош мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»