02:44, 4-апрель, 2026

Нурсултан Алишеров Москванын «Спартак» клубу менен келишим түздү

На русском
10:47, 3-апрель, 2026 478

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын жарым коргоочусу Нурсултан Алишеров Москванын «Спартак» клубунун жаштар курамы менен келишимге кол койду.

Команданын расмий сайтынын маалыматына караганда, «Спартак» академиясынын 18 жаштагы бүтүрүүчүсү клуб менен 2028-жылдын аягына чейин келишим түздү.

Ушул жылдын март айында кыргызстандык оюнчу Россия чемпионатынын Жаштар лигасында ойногон «Спартактын» жаштар командасында дебют жасаган. Бул лигада 19 жашка чейинки оюнчулардан турган командалар катышат.

6-мартта биринчи турдагы «Пари НН» (U-19) командасына каршы оюнда Алишеров алмашууга чыгып, 18 мүнөт ойногон. Андан кийин ал Москванын «Динамо» жана «Факел» командаларына каршы беттештерге да катышкан.

Март айынын аягында Алишеров Түркияда өткөн окуу-машыгууларга Кыргызстандын жаштар курама командасына (U-20) чакырылган.

Иорданиянын жаштар курама командасына (U-23) каршы жолдоштук беттеште Алишеров негизги курамда чыгып, гол киргизген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»