03:07, 4-апрель, 2026

Бишкекте «Булки» ресто-барынын ордуна маданий борбор ачылат

На русском
10:13, 3-апрель, 2026 189

АКИpress - Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2-апрелде Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Булки» ресто-барына барды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин имарат муниципалдык менчикке акысыз негизде өткөрүлгөн. Имараттын жалпы аянты 900 чарчы метрди түзөт.

Мэр объектти көрүп чыгып, ижарачыларды чыгарып, имаратты маданий борбор катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Мэриядан белгилешкендей, мурда бул жайда коомдук тартипти бузуу, анын ичинде жаңжалдар жана спирт ичимдиктерин ичүү учурлары тез-тез катталып турган.

Жаңы мейкиндик шаардыктар үчүн көргөзмө, мастер-класс, билим берүү жана коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүү үчүн каралат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»