12:01, 3-апрель, 2026

Министр итке таланган баланын абалы менен таанышты

На русском
09:58, 3-апрель, 2026 407

АКИpress - Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов иттердин кол салуусунан улам Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган балага барды.

2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде баш сөөгүнүн орточо оор жаракаты, башы тиштелип, териси жараат алган, буту-колунун көптөгөн жери тиштелген абалда, травматикалык шок диагнозу менен жеткирилген.

Министрликтин маалыматына ылайык, бала ооруканага түшкөндөн тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу. Кутурма оорусуна каршы дарылоо жүргүзүлүүдө.

Министр бейтаптын абалы менен таанышып, дарыгерлер менен дарылоо ыкмаларын талкуулап, адистердин координациялуу ишин белгиледи. Ал дарылоону толук көзөмөлдө кармап турууну, зарыл болгон учурда кошумча ресурстарды жана тар адистерди тартууну тапшырды.

Осмоновдун айтымына караганда, балага толугу менен айыкканга чейин ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыкчам аракеттери жана баланы өз убагында медициналык мекемеге жеткиргени үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»