13:36, 3-апрель, 2026

Бишкекте сот аткаруучулар 4,7 млн сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүштү

На русском
10:45, 3-апрель, 2026 130

АКИpress - Бишкек шаарында 4 млн 760 миң 756 сом өлчөмүндөгү материалдык зыян өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Биринчи май райондук бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Р.Б.И.ден жабырлануучу У.Д.Д.нын пайдасына материалдык зыянды өндүрүү тууралуу аткаруу документи болгон.

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2-апрель күнү материалдык зыян толугу менен төлөтүлдү», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»