АКИpress - Кытайда өтүүчү дзюдо боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын курама командасынын курамы белгилүү болду.
Сынак Ордос шаарында 16-18-апрель күндөрү өтөт.
Эркектер арасында жалпысынан 7 комплект медаль ойнотулат.
Кыргызстандын курама командасынан ага 9 спортчу катышат.
2025-жылы Тайландда өткөн Азия чемпионатында Эмирхан Жолдошказиев коло медалга ээ болгон.
Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын тизмеси
66 кг чейин - Эрбол Абасбеков жана Адис Орозмаматов
73 кг чейин - Нурмухаммад Бакирдинов
81 кг чейин - Чыңгызхан Сагыналиев жана Тегин Алмазжан уулу
90 кг чейин - Эрлан Шеров жана Эржан Канатбеков
100 кг чейин - Дуат Полтушев
100 кг жогору - Эмирхан Жолдошказиев