АКИpress - Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев уюмдун өкмөт башчыларынын 2-жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.
Ал бул платформа — практикалык кызматташтыкты чыңдоонун жана мамлекет башчылардын чечимдерин ишке ашырууда өкмөттөр ортосундагы натыйжалуу координацияны камсыздоонун маанилүү механизми экенин баса белгиледи.
Өмүралиев ошондой эле учурда 58 кызматташтык багытын жана механизмди камтыган уюмдун өсүп жаткан ролун, жогорку деңгээлдеги чечимдерди жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Аймактык жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында соода, транспорт, энергетика, санариптик трансформация жана инновациялар жаатында кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле саясий жана коопсуздук маселелери боюнча координацияны күчөтүүгө умтулабыз», - деди ал.