15:57, 3-апрель, 2026

Ошто «АрхиСтрой» куруп жаткан объекттеги жумуш токтотулду

На русском
09:16, 3-апрель, 2026 350

АКИpress - Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсү 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «АрхиСтрой» ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.


Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания 2012-жылы катталган. Компаниянын жетекчиси – Таалайбеков Алтынбек, уюштуруучусу – Таалайбеков Нуртилек Таалайбекович.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»