21:10, 2-апрель, 2026

Кыргызстандагы Моңголиянын элчиси Содном Ганхуяг дипломатиялык миссиясын аяктап жатат

На русском
15:41, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 15:50, 2-апрель, 2026) 148

АКИpress - 2-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Моңголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуягды анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Садыр Жапаровдун 2023-жылы Моңголияга болгон мамлекеттик сапарынын жана Моңголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун 2025-жылы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты. Ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графиги каралды.

Министр моңгол делегациясын 2026-жылдын жайында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Мындан сырткары, тараптар Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) учурдагы төрагалыгын эске алуу менен, уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин козгошту.

Жолугушуунун соңунда Кулубаев Ганхуягды ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Содном Ганхуяг Моңголиянын Кыргызстандагы элчиси кызматын 2021-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»