АКИpress - Итке таланган бала жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдар ооруканасынан билдиришти.
Окуя Калыс-Ордо-2 конушунда болгон. 2020-жылы туулган бала ойноп жатып, болжол менен коңшу үйдүн короосуна кирип кеткен, ошол жерден үч ит кол салган.
Жергиликтүү тургундар балага биринчи жардам көрсөтүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Саат 19:10до бала ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлер шашылыш операция жасашкан. Азыркы учурда баланын абалы оор деп бааланууда.
Операциядан кийин балага кутурма жана селейме ооруларына каршы эмдөө жасалды.