05:57, 3-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
20:00, 2-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Биздин эрага чейин Баткенде деңиз болгон (сүрөт)
15:28, 1-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Чүй облусунда «Туз» бассейни кайра курулуп баштады
14:53, 1-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Улан-Батордо Манас көчөсү пайда болот

Жаш бала итке таланган окуя боюнча кылмыш иши козголду

На русском
14:45, 2-апрель, 2026 1221

АКИpress - 2-апрелде Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5 жаштагы балага ит кол салган окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренеси (этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталган.

Окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда болгон. Кечки саат беш чамасында милицияга квартал башчысынан маалымат түшкөн.

Жерине Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барып, 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала жабыркагандыгын аныкташкан. Ошондой эле иттер атылып, үй ээсинин өздүгү такталган.

Мындан тышкары, милициянын кайгуул кызматынын туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров баланы ооруканага жеткирүүгө жардам берген. Ал Абдрахманов—Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп турган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»