АКИpress - Бүгүн, 1-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Туз айылында «Туз» декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага айыл чарба министри Эрлист Акунбеков катышты. Ал долбоордун аймак үчүн маанисин белгилеп, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана айыл чарбасын колдоодо негизги багыттардын бири экенин айтты.
«Бул суу сактагычтын реконструкция иштеринен өтүшү аймактагы дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Сугат суу менен камсыздоо жакшырып, жерлердин түшүмдүүлүгү жогорулайт. Натыйжада айыл чарба өндүрүшү көбөйүп, жергиликтүү тургундардын жашоо-шарты да жакшырмакчы», - деди Эрлист Акунбеков.
Министрлик билдиргендей, «Туз» декадалык жөнгө салуу бассейни 1987-жылы пайдаланууга берилген. Реконструкциялоого чейин анын суунун топтолгон кубаттуулугу 800 миң куб метрди түзүп келген. Реконструкция иштеринен кийин бассейндин сугат суусун топтоо мүмкүнчүлүгү кыйла көбөйүп, 1 млн 947 миң куб метрге жетет.
Суу тартыш болгон мезгилде бассейн Жайылма айыл аймагындагы Туз айылынын 1300 гектар сугат жерин суу менен камсыздайт. Ал эми суу мол болгон учурларда Чоң-Далы жана Сары-Жон айылдарынын кошумча 1100 гектар сугат жерине да сугат суусу берилет.
«Мындан тышкары, «Туз» декадалык жөнгө салуу бассейни Батыш Чоң Чүй каналына жана Чыгыш Чоң Чүй каналына суу берүү системасын толуктап турат. Долбоор ишке ашырылган соң аймактагы сугат суу менен камсыздоо кыйла жакшыртылып, айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшүнө шарт түзүлөт», - деп жазылган маалыматта.