АКИpress - Нурбек Жумалиев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Министр Канатбек Чыныбаев аны жамаатка тааныштырды.
ӨКМ билдиргендей, Жумалиев 1973-жылы 25-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чек айылында төрөлгөн.
1996-жылы Улуттук агрардык университетин гидромелиорация адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1998-жылы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында гидро-инженер болуп баштаган. 2007-жылдан бери ӨКМдин түрдүү түзүмдөрүндө иштеп келет.