АКИpress - Алмазбек Асанов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Министр Канатбек Чыныбаев аны жамаатка тааныштырды.
ӨКМ билдиргендей, Асанов 1979-жылы 28-декабрда Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.
2002-жылы Россиянын Тамбов шаарындагы Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскердик университетин, 2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо академиясын аяктаган.
2003-жылдан бери ӨКМдин түрдүү бөлүмдөрүндө эмгектенет.