21:11, 2-апрель, 2026

Калыс-Ордо-2 конушунда 5 жаштагы балага иттер кол салды

На русском
12:38, 2-апрель, 2026 618

АКИpress - Бишкекте жаш балага иттердин кол салуусу боюнча маалымат такталып жатканын Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

1-апрель күнү саат кечки 17:00 чамасында Калыс-Ордо-2 конушунун квартал башчысынын атынан билдирүү түшкөн. Ал 5 жаштагы балага иттер кол салганын айткан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, маалымат тастыкталган.

Жергиликтүү тургундарды сурамжылоонун жүрүшүндө жабырлануучу аталган конушта жашаган 2019-жылы туулган У.А. экени аныкталган.

Милиция кызматкерлери күбөлөрдөн жана бул факт боюнча маалыматы бар адамдардан түшүнүк кат алышкан. Ошондой эле, үй ээси аныкталып, иттер атылган.

Бул факт Биринчи май РИИБинде катталып, сотко чейинки текшерүү башталды.

Бишкек ШИИБдин кошумча берген маалыматы боюнча, 1-апрель күнү саат 18:00 чамасында Абдрахманов—Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан Милициянын кайгуул кызматынын туристтик ротасынын командири, милициянын капитаны Тимурлан Кулназаровго иттердин кол салуусунан жабыркаган баланы шашылыш түрдө жеткирүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Кызматкер жабырлануучуну коштоп жүргөн адамдар менен кошо дароо кызматтык унаага салып, медициналык мекемеге жеткирген.

Бала ооруканага жеткирилип, дарыгерлерге өткөрүлүп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Баланын абалы туруктуу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Turmush (АКИpress) (@turmush.akipress)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»