19:55, 2-апрель, 2026

58 млн сомдон ашык суммадагы алтын куймалар мамлекетке конфискацияланды

На русском
11:40, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 11:50, 2-апрель, 2026) 465

АКИpress - Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы мүлктү конфискациялоо боюнча соттук актынын аткарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бөлүмү жалпы салмагы 3971,04 граммды түзгөн 6 даана алтын куймасын мамлекеттин пайдасына конфискациялады.

Мамлекеттин кирешесине кайтарылган мүлктүн жалпы суммасы 58 млн 715 миң 797 сомду түздү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»