05:23, 3-апрель, 2026

Жеңил жана жол тандабас унааларды алгач жолкусунда онлайн каттатса болот

На русском
11:31, 2-апрель, 2026 386

АКИpress - Кыргызстанда унааларды алгачкы онлайн-каттоого алуу долбоору ишке киргизилип жатат. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор процедураларды жөнөкөйлөштүрүүгө, мөөнөттөрдү кыскартууга жана санариптештирүүнүн эсебинен процесске максималдуу ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган. Кеп өлкө аймагына алынып келген жеңил жана жол тандабас унаалар тууралуу болуп жатат.

M1 — кадимки жүргүнчү ташуучу унаалар (8 орунга чейин + айдоочу), ал эми M1G — жол тандабастар.

Процесс үч баскычтан турат:

  • бажылык тариздөө;
  • кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын түзүлүшүнүн коопсуздугу жөнүндө күбөлүк алуу;
  • «Түндүк» тиркемеси аркылуу унааны алгачкы онлайн-каттоодон өткөрүү.

Борбордуг өкүлдөрү түшүндүргөндөй, онлайн-каттоо аяктагандан кийин бир сааттын ичинде унаанын ээсине билдирүү келет. Андан кийин ээси каттоо күбөлүгүн (техникалык паспорт) жана мамлекеттик номур белгилерин алуу үчүн мурда тандаган аймактык бөлүмгө өзү барышы керек.

Унааны эркин колдонууга уруксатты тастыктаган документтер: БЭК (бажылык экспорттук декларация) же БТК (бажылык төлөмдүк ордер) же мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү сөзсүз түрдө болушу керек.

Зарыл болсо, ошондой эле төмөнкүлөр берилет:

  • заводдун сертификаты;
  • эсеп-фактура.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»