21:05, 2-апрель, 2026

«Кыргызалтын» Таластагы Талды-Булак алтын-жез кенинин иштетүү укугун алды

На русском
10:20, 2-апрель, 2026 236

АКИpress - Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-мартындагы №187-т тескемеси менен «Кыргызалтын» компаниясына Талас облусунун Талас районундагы Талды-Булак кенин пайдаланууга укук берилди.

Документке ылайык, компанияга аянты 178,6 га болгон Талды-Булак алтын жана жез кенин иштетүү, ошондой эле аянты 3315,4 га болгон Талды-Булак аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугу берилди.

Мында «Кыргызалтын» тилкелерди өздөштүрө баштаганга чейин «Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын сакташы керек.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Маалымат үчүн:

Талды-Булак кени (Талдыбулак-Талас деп да аталат) Талас облусунда ири алтын-жез-молибден объекти болуп саналат. Ресурстардын түрү: Алтын, жез, молибден. Анда болжолдуу түрдө 120 тонна алтын жана 800 миң тонна жез бар деп бааланат. Тилкеде геологиялык чалгындоо иштерин «Талас Коппер Голд» ЖЧКсы (Talas Copper Gold) жүргүзгөн.

Жер казынасын пайдалануу лицензиялоо маселелери боюнча комиссия 2017-жылдын 24-мартындагы отурумунда «Талас Коппер Голд» ЖЧКсынын 4 лицензиясын токтоткон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»