АКИpress - Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга байланыштуу айыл өкмөттүн мурдагы башчысы кармалды, деп билдирди УКМК.
Тактап айтканда Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар аныкталды.
«Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдардын талаптары бузулуп, натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Мындан улам 31-мартта кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - дейт УКМК.