02:08, 3-апрель, 2026

Кыргызстанда 1-апрелден тарта жеңил жана жол тандабас унааларды каттоо боюнча убактылуу онлайн режим киргизилди

На русском
09:38, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 10:37, 2-апрель, 2026) 523

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) режиминде мамлекеттик каттоону жүргүзүү боюнча убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Сөз M1 жана M1G категориясындагы унаалар үчүн онлайн каттоонун пилоттук режими жөнүндө болуп жатат, анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар бул кызматты туруктуу негизге которуу мүмкүнчүлүгүн баалашы керек.

Жарлык менен:

  • 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 31-декабрына чейин кошуп алганда транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) форматында мамлекеттик каттоону убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү.
  • Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин, анын колдонуу мөөнөтү убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу мезгилине белгилөө.
  • Президенттин иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, «Түндүк» ачык акционердик коому жана Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте:
  • 1) убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • 2) убактылуу укуктук жөнгө салуунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн, анын ичинде Министрлер кабинетине квартал сайын отчетторду берип туруу;
  • 3) онлайн-каттоо системасынын иштеши үчүн уюштуруу техникалык чараларын көрүү;
  • 4) зарылдыгына жараша мыйзамдарда белгиленген тартипте жана финансылык контролдоо талаптарын сактоо менен убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн төлөм жүргүзүү уюмдарды тартуу;
  • 5) убактылуу укуктук жөнгө салуу ийгиликтүү ишке ашырылган учурда транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын туруктуу онлайн-каттоону киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тапшырылды.

*M1 — кадимки жүргүнчү ташуучу унаалар (8 орунга чейин + айдоочу), ал эми M1G — жол тандабас унаалар. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»