16:26, 1-апрель, 2026

Минкаб төрагасы менен «Euronews» телеканалынын президенти кызматташууну талкуулашты

На русском
14:41, 1-апрель, 2026 209

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Euronews» маалымат телеканалынын президенти Педро Варгас Давидди кабыл алганын Минкабдын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматтык контентти эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Төрага «Euronews» телеканалынын дүйнөлүк аудитория үчүн объективдүү жана тең салмактуу күн тартибин түзүп, дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактарынын бири катары өзгөчө маанисин белгиледи.

Кыргыз тарап өлкөдөгү негизги процесстерди, анын ичинде ШКУнун жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде телеканалдын президенти Педро Варгас Давид жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгиледи. Ал узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, канал Кыргызстандын жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга көрсөтүү үчүн глобалдык аянтча болууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»