16:06, 1-апрель, 2026

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Сузакта 47 үй бузулмай болду, - депутат

На русском
12:06, 1-апрель, 2026 324

АКИpress - Депутат Алтынбек Кылычбаев бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Сузак районунун Багыш айылында 47 турак үйдү бузуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, үйлөрдүн ээлерине кенемте берүү маселеси азырынча чечиле элек.

Депутат баалоо комиссиясы жерин барып бирок чечим чыгарбаганын маалымдады.

Ал ушундай маселе Түндүк—Түштүк альтернативдик жолу боюнча да бар экенин кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»