16:05, 1-апрель, 2026

Депутат Бишкекте ысык сууну өчүрүүнү май-июнь айларына жылдырууну сунуштады

На русском
11:01, 1-апрель, 2026 243

АКИpress - Бишкекте пландалган 40 күнгө ысык сууну өчүрүүнү жылдыруу сунушталды. Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин отуруумунда депутат Илимбек Кубанычбеков бул боюнча шаардык тургундардан бир топ сунуш-пикир түшкөнүн белгиледи.

«Апрель айында температуралык көрсөткүчтөр төмөн болгондуктан, өчүрүүнү май, июнь айларына жылдырсак болмок. Себеп дегенде ал убакта күндүн температурасы бир топ жылуу болуп, жарандарыбызга жеңил болмок.

Муну менен катар үйлөрдө жылуулук да жок. Ошондуктан, бул нерсени аба ырайы бир аз турукташканга чейин жылдыруу боюнча сунуш берет элем», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»