03:12, 2-апрель, 2026

Трамп Ирандагы согуш эки-үч жумада бүтүшү мүмкүн экенин айтты

На русском
10:38, 1-апрель, 2026 510

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен болгон согуш эки-үч жуманын ичинде бүтүшү мүмкүн экенин билдирди, деп жазат «CNN».

«Режим алмашты. Режимди алмаштыруу менин планымда болгон эмес. Менин бир гана максатым бар эле — ядролук курал болбошу керек жана бул максатка жеттик. Бирок биз ишти аягына чыгарып жатабыз жана, менимче, баштаган ишти бүтүрүү үчүн эки жума, балким бир нече күн талап кылынат», - деди Трамп журналисттерге.

Ал эгер тынчтык келишими түзүлсө, согуш эрте бүтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Трамп Ормуз кысыгын ачуу маселеси башка өлкөлөрдүн көйгөйү болушу керектигин билдирип, бул маанилүү суу жолунун коопсуздугун камсыз кылуу башка мамлекеттердин милдети экенин белгиледи. 

Ошондой эле АКШ үчүн Иран менен келишим түзүү зарыл эмес экенин айтты.

Ал ортодо Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу ирандык лидерлер өлтүрүлсө, америкалык технологиялык компанияларга сокку уруларын эскертти.

Тактап айтканда «Apple», «Microsoft», «Google», «Meta», «IBM», «HP», «Intel», «Tesla», «Boeing» жана «JP Morgan» компаниялары бутага алынышы мүмкүн.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу аймактагы америкалык адистерди  жумуш орундарын таштап кетүүгө чакырды, ал эми америкалык компаниялардын кеңселеринин жанында жашаган тургундарды коопсуз жерге көчүп кетүүгө үндөдү.

«1-апрель күнү Тегеран убактысы боюнча саат 20:00дөн баштап бул компаниялар Иранда ар бир киши өлтүрүү үчүн жок кылынышын күтүшү керек», - дешти Ислам революциясынын сакчылар корпусунан.

«CNN» Иранга каршы аскердик операция эки-үч жуманын ичинде аякташы мүмкүн экендигин белгилейт, бирок кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшү үчүн бир топ убакыт талап кылынат. Мындан тышкары согуштук аракеттер бүтүп, мунайдын баасы төмөндөсө да, май куюучу жайлардагы бензиндин баасынын төмөндөшүнө убакыт керек болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»