АКИpress - 31-мартта Бишкек шаардык кеңеши Киев көчөсү 55 дарегинде жайгашкан жер участокторун мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтом долбоорун жактырды.
Башында бул тизмеге Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан Чүй проспектиси 108 дарегиндеги участоктор да кирген.
Бирок бүгүн, 31-мартта борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйүнүн тегерегиндеги коомдук талкуулардан улам Чүй проспектиси 108 дарегиндеги участокторду кароодон чыгарууну суранды.
«Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат жана өз ишин улантат», - деди мэр.