АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Нурбек Чегирткеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды.
Бүгүн, 31-мартта Нурбек Чегирткеев Бажы кызматынын жамаатына тааныштырылды.
Ал 1981-жылы 28-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жол кыймылын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде баштаган, ал жерде 2005-2013-жылдары кызмат өтөгөн.
2013-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматында инспектордон жетекчилик кызматтарга чейинки ар кандай кызматтарды аркалап иштеп келет.
Дайындоого чейин Бажы кызматынын борбордук аппаратынын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Бажы кызматынын полковниги.