АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев 1-2-апрель күндөрү Азербайжан Республикасына иш сапары менен барат.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле ал Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.