05:52, 1-апрель, 2026

Салык кызматындагы жаңы жетекчилер тууралуу эмне белгилүү?

На русском
16:55, 31-март, 2026 5847

АКИpress - Нурлан Максүтов жана Нурлан Маманов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты. Алар Бакыт Жиенбеков менен Мирлан Рахмановдун ордуна келишти.

Нурлан Маманов

Билими

  • 1995-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу

  • Чүй облусунун Панфилов районунда, кийин Бишкектин Свердлов жана Октябрь райондорунда, ошондой эле Салык кызматынын борбордук аппаратында иштеген;
  • 2023-жылдын 4-сентябрынан 2024-жылдын 6-мартына чейин – Салык кызматынын Чүй облусунун Жайыл району боюнча жетекчиси;
  • 2024-жылдын 6-мартында ротациялоонун алкагында Салык кызматынын Чүй облусунун Кемин району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган;
  • Андан кийин Салык кызматынын Сузак району боюнча башчысы болгон;
  • 2025-жылдын сентябры – Москва райондук салык кызматынын жетекчиси.

 Нурлан Максүтов

Билими

  • 1988-жыл – Фрунзе политехникалык институту, инженер-куруучу;
  • 2004-жыл – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, сот эксперти;
  • 2005-жыл – КР президентине караштуу башкаруу академиясы, мамлекеттик башкаруу магистри.

Эмгек жолу

2004-2007-жылдар – Социалдык фонд, юридикалык жактар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, башчынын орун басары;

2007-жылдын май-октябры – Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, башчынын орун басары;

2007-2008-жылдар – Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылдын сентябрь-ноябрь – Бишкек шаарынын Ленин району боюнча салык башкармалыгы, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылдын ноябрь-декабры – Бишкек шаары боюнча салык кызматы, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдар – Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча салык башкармалыгы, башчынын милдетин аткаруучу;

2009-2010-жылдар – Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча салык башкармалыгы, жетекчи;

2011-жылдын 24-майы – Мамлекеттик салык кызматы, төраганын орун басары;

2013-жылдын 12-декабрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган;

«Кыргыз Петролеум Компани» ААК президенти;

КР Көк бөрү федерациясынын вице-президенти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»