04:28, 1-апрель, 2026

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, фракция лидерлери шайланды

На русском
12:40, 31-март, 2026 283

АКИpress - Бишкек шаардык кеңешинде (БШК) жаңы коалиция түзүлдү. Бул тууралуу 31-марттагы сессия учурунда депутат Таалайбек Сурапбаев билдирди.

Жаңы коалицияга 4 фракция кирди: «Жаңы күч», «Адилет», «Эл үмүтү» жана «Ынтымак». Ал эми «Эмгек» фракциясы коалицияга кошулган жок.

«Ынтымак» фракциясынын лидеринин эки жаңы орун басары шайланды», - деп билдирди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Максат Алымбеков.

Анын айтымында, лидердин орун басарлары болуп Казыбек Эргешов жана Жибек Шарапова шайланды.

«Эл үмүтү» фракциясынын лидери болуп Тилек Асылбеков шайланганын депутат Аскар Алмаз уулу билдирди.

Ал эми «Эмгек» фракциясынын лидери болуп Эркинбек Салымбеков шайланганы айтылды.

2025-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч» жана «Эмгек» фракциялары коалициялык келишим түзүшкөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»