16:01, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (24 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (15 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
14:32, 31-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Нарын шаарына жаңы мэр келди. Ал ким?

Токмокто Камчы Көлбаевге тиешеси барлардын курал сактаган жери табылды

На русском
08:25, 31-март, 2026 905

АКИpress - Токмок шаарында маркум кримавторитет К.Көлбаевдин (К.Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык ок-дары сакталган жай табылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эки мылтыктын кыскартылган түрү, эки мина, бир граната, тротил, бир беткап, эки бычак, үч жарык бергич жана ар кандай калибрдеги ок-дарылар табылды.

«Бул арсенал өзгөчө оор кылмыштарды, анын ичинде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында даярдалган болушу ыктымал», - деп айтылат билдирүүдө.

Табылган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, мурда жасалган кылмыштарда колдонулгандыгын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»