17:05, 31-март, 2026

Бишкектин айрым райондорунда 1-3-апрелде газ берүү токтотулат

На русском
14:46, 31-март, 2026 230

АКИpress - Бишкекте жер астындагы газ өткөргүчтө оңдоо иштерине байланыштуу 1-апрелден 3-апрелге чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкек газ» мекемеси билдирди.

Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда токтотулат:

  • Жантөшев көчөсү;
  • Байтик баатыр көчөсү;
  • Лев Толстой көчөсү;
  • Кара-Дарыя көчөсү;
  • Горький көчөсү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү.

Ошондой эле төмөнкү объекттерде да газ өчүрүлөт:

«Кыргызавтомаш» заводу;

Макарон цехи;

«Жыргал» мончосу;

«Байтур» мончосу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»