АКИpress - Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө ичиндеги кайсы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдор оңдолору тууралуу маалымат берди.
«Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралган. Бирок, курулуштун жүрүшүндө айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн экендиги эскертилди.
Курулушу уланып жаткан долбоорлор:
*Мамлекеттик бюджеттин эсебинен
- Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол;
- Нарын—Баетов;
- Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка;
- Сафаровка—Барпы жолдору.
Ошондой эле
- Түндүк—Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча 5 курулманын;
- Барскоон—Бедел жолунун;
- Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун;
- Лебединовка—ГЭС-5;
- Бишкек—Кант;
- Арашан—Чуңкурчак;
- Бишкек—Күнтуу—Шопоков жолунун курулушу улантылат.
Инвестициялык долбоорлордун эсебинен төмөнкү иштер улантылат:
- Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолун реконструкциялоо (IV фаза) — узундугу 93 чакырым;
- Корумду—Балбай баатыр тилкеси — узундугу 79,3 чакырым;
- Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки тилке — узундугу 75 чакырым.
Жаңы долбоорлор:
- Профсоюз көчөсү - 8,5 чакырым,
- Жаны «Ош» базарына барчу жол - 8,7 чакырым;
- Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол – 15 чакырым;
- Ак-Суу районундагы Бозучук—Жыргалан унаа жолунун 14,5 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөө;
- Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» («Ала-Тоо резорт») тоо лыжа базасына барчу 8,5 чакырымдык альтернативдик жолду, ошондой эле ага туташуучу жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу;
- Жети-Өгүз—Койсары (Жети-Өгүз курорту) унаа жолунун 15 чакырым аралыгын реконструкциялоо;
- Узундугу 51 чакырымды түзгөн Тамдык—Кишемиш—Дөнөн—Булак-Башы унаа жолун долбоорлоо жана куруу.