АКИpress - Коомдук тартипти бузган кыздар кармалды, деп билдирди 30-мартта Бишкек милициясы.
29-мартта саат 03:15 чамасында Бишкек милициясынын кызматкерлери Сухэ-Батор көчөсүндө «Пивница» барынын кире беришинде кыздар арасындагы чыр-чатакты көрүшкөн.
Урушка катышкан бардык адамдар: 1993-жылы туулган М.А., 1995-жылы туулган Ч.А., 1996-жылы туулган А.М. жана 1996-жылы туулган Н.Ж. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Аларга майда бейбаштык боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.