21:46, 30-март, 2026

Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу каттамындагы биринчи учак учту

На русском
10:49, 30-март, 2026 371

АКИpress - 29-мартта Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу багыты боюнча алгачкы каттам ишке ашырылды. Бул каттамдагы учактар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү учуп турат.

Алгачкы каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна 134 жүргүнчү келди. Ал эми Гуанчжоуга 104 жүргүнчү учуп кетти.

Мындан тышкары Бишкектен Пекин шаарына жумасына 6 каттам аткарылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»