16:02, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (24 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (17 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
14:32, 31-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Нарын шаарына жаңы мэр келди. Ал ким?

Италиядагы музейден баалуу сүрөттөр уурдалды

На русском
10:07, 30-март, 2026 372

АКИpress - Парманын жанындагы Маньяни-Рокка фондунан баасы бир нече миллион евролук Ренуар, Сезанн жана Матисстин сүрөттөрү уурдалды. Жергиликтүү полициянын айтымында, жеке музейдеги тоноо фактысы өткөн аптада, 23-мартка караган түнү болгон, деп билдирет «Би-би-си».

Уурдалган эмгектердин арасында Пьер Огюст Ренуардын «Балыктар», Поль Сезанндын «Алча натюрморту» жана Анри Матисстин «Террасадагы одалиск» эмгеги бар.

Полиция билдиргендей, тоноочулардын саны төртөө болгон. Беткапчан кылмышкерлер эшикти бузуп кирип, музей бакчасы аркылуу шедеврлер менен качып кетишкен.

Укук коргоо органдарынын айтымында, кылмышкерлер 3 мүнөттүн ичинде тоноп, үлгүрүшкөн. 

Италиялык ЖМКлар жазгандай, тоноочулар иштеп кеткен айгайдан коркупп кеткен болушу мүмкүн: алар уурдоого ниеттенген төртүнчү сүрөттү ичинде калтырып кетишкен.

Учурда полиция музейдин, ошондой эле коңшу объекттердин видео байкоо камераларынын жазууларын текшерип жатат.

Пармадан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Маньяни-Рокка фондунда искусство таануучу Луижи Маньянинин коллекциясы сакталган, ага Дюрер, Рубенс, Ван Дейк, Гойя жана Моненин эмгектери да кирет. Фонд 1977-жылы негизделген.

Бул тоноо искусство дүйнөсүндөгү кылмыштардын катарындагы кезектеги окуя болду.

Өткөн жылдын октябрь айында кылмышкерлер күндүз Лувр музейине кирип, 100 миллион долларлык зер буюмдарды уурдап кетишкен.

Луврду тоноого кылмышкерлер 8 мүнөттөн аз убакыт коротушкан. Тоноочулардын саны төртөө болгон; тергөөнүн маалыматы боюнча, алар жакшы макулдашылган план боюнча аракеттенишкен.

Бийликтин айтымында, кылмышкерлер сегиз буюмду – диадемалар, шурулар, билерик жана башка буюмдарды уурдашкан. Алардын бардыгы 19-кылымдагы Франциянын падышалары менен императорлорунун үй-бүлөлөрүнө таандык болгон.

Бир нече шектүү кармалган, бирок уурдалган буюмдардын кайда экендиги тууралуу эч кандай маалымат жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»