18:50, 30-март, 2026

Борбор Азияда 2030-жылга чейин электр энергияга болгон суроо-талап 40%га өсүшү мүмкүн

На русском
09:39, 30-март, 2026 213

АКИpress - Борбор Азия өлкөлөрүндө электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга чейин 40%га өсүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Евразия өнүктүрүү банкы 2026-жылдын март айындагы изилдөөсүндө жарыялады.

Аймактагы бардык өлкөлөрдө электр энергияга болгон суроо-талап экономиканын өсүшү, индустриялашуу, урбанизация жана калктын санынын көбөйүшүнүн эсебинен дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн ашып, туруктуу өсүүдө. Авторлор белгилегендей, криптовалюта, маалыматтарды иштетүү борборлору жана электромобилдер сыяктуу жаңы энергияны көп талап кылган керектөөчүлөр пайда болууда.

Банктын маалыматы боюнча, 2014-2024-жылдары аймакта электр энергиясын керектөөнүн орточо жылдык өсүш темпи 3,2% болгон. Ошол эле учурда жан башына электр энергиясын керектөө аймактын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн дагы деле дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн (жылына 3 500 кВт.с/адам) төмөн бойдон калууда (Өзбекстан үчүн дээрлик эки эсе аз — 1 800 кВт.с).

Эл аралык уюмдардын баалоосу боюнча, 2030-жылга чейинки мезгилде керектөө жылына 270 миллиарддан 370 миллиард кВт.с чейин же 40%га көбөйүшү мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»