01:00, 30-март, 2026

Токмокто «Унаа» үчүн жаңы имарат курууга 1 га жер бөлүнөт

На русском
17:12, 29-март, 2026 638

АКИpress - Жакында Токмок шаарында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Чүй-Кемин бөлүмү үчүн жаңы имараттын курулушу башталат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Тиешелүү тапшырманы президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев берди. Долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга жана жарандарды тейлөө шарттарын жакшыртууга багытталган.

Иш сапарынын алкагында Туманбаев борбордун директору Тынычбек Саидов менен бирге Токмокко барып, абалды жеринде көрүп чыгышты. Курулуш долбоору шаардын мэриясы жана жергиликтүү депутаттар менен талкууланды. Келечектеги комплекске болжол менен 1 гектар жер бөлүү пландалууда. Иш башкармалыгы автодром куруу мүмкүнчүлүгүн да кароону тапшырды.

Учурда Чүй-Кемин бөлүмүнүн өз имараты жок, ал мэрдин аппаратынын 133 чарчы метр аянттагы бөлмөсүндө жайгашкан. Бөлүмдө 15 кызматкер иштейт, алар транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук курам боюнча кызмат көрсөтүү жана сынактарды кабыл алуу иштерин жүргүзүшөт.

Бул бөлүм Чүй жана Кемин райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундарына кызмат көрсөтөт.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»