АКИpress - Йемендик хуситтер Израилдин аймагына сокку урушту. Бул тууралуу 28-мартта «Reuters» басылмасы топтун билдирүүсүнө шилтеме кылып билдирди.
Израилдин коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматы боюнча, 28-мартка караган түнү Йеменден Израилди көздөй учкан ракета аныкталган. Бир катар аймактарда абадан коргонуу эскертүүсү жарыяланган. Ракета абадан коргонуу каражаттары тарабынан кармалган.
Кийинчерээк хуситтер кол салуу болгонун тастыкташкан. Алардын билдирүүсүндө, бул аракет Израилдин Иранга, Ливанга жана палестиналык аймактарга жасаган соккуларына жооп болду.
«Reuters» агенттиги белгилегендей, бул америкалык-израилдик операция башталгандан бери хуситтердин Израилге биринчи жолку кол салуусу.