00:17, 29-март, 2026

Кыргыз геологиялык кызматы менен АКШнын геологиялык кызматынын өкүлдөрү жолугушту

На русском
20:05, 28-март, 2026 410

АКИpress - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Кыргыз геологиялык кызматынын АКШнын геологиялык кызматы менен жолугушуусу өткөнүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул тараптардын акыркы 13 жылдагы биринчи жолугушуусу болду.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө геология тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды. Минералдык-сырье базасын изилдөөгө, геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана эки өлкөнүн профилдик түзүмдөрүнүн ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө көңүл бурулду», - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар геологиялык тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган келечектеги кызматташтыкка жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыкчылыгын ырасташты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»